http://www.ktrk.kg/Дүйнө: диний терроризм күч алды

Дүйнө: диний терроризм күч алды

19 Апр 2016 , 11:01 1518

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2016-жылдын 16-мартында кабыл алган. 

Камакка алуу жайларында экстремисттик багыттагы үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн экстремисттик жана террордук кылмыштар үчүн абакка кесилгендерди бөлүп кармоону камсыз кылуу – бул мыйзамдын максаты. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн ичинде күчүнө кирет. Бул маселеге кайрылган себебиз, Кыргызстандан Сирия менен Ирактагы Ислам мамлекети деп атаган террордук топко айрым жарандарыбыз  кошулуп кетишти. Күч түзүмдөрүбүз билдиргендей, алардын саны 500дөн ашык. Экстремисттик, террордук жана уюшкан кылмыш топтору биригип алып, жогоруда аты аталган деструктивдүү уюмга каражаттарды чогултуп жана абакта өз идеологиясын кеңири жайылтууга үлгүрүп жатышат.

 «Рейтер» маалымат агентиги  Америка Кошмо Штаттарында  «IHS  Global Inc» аналитикалык борбору "Ислам мамлекети" террордук тобунун кирешеси акыркы 15 айда 30 пайызга кыскарганын билдирди. Ошол эле учурда Сирия менен Иракта, "Ислам мамлекети" террордук тобу басып алган аймагынын 22%нан кол жууп, мурдагыдай 9 миллион эмес, 6 миллиондон ашыгырак гана кишиге гана көзөмөл жүргүзүп калган. Муну менен салык базасы да азайган. Согушкерлер өз казынасын толтуруу максатында салыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таба баштаган. Азыркы  тапта  алар үчүн четтен келген  каражаттар бирден-бир булак болууда. Террордук топ өз жактоочуларын ыйык казат үчүн  каражаттарды каракчылык жол менен да тапкыла – деп күнү-түнү үгүттөп жатышат. Кандай болгон күндө да, абактабы, же анын сыртындабы диний терроризм уюшкан кылмыш топтору менен коюн-колтук алышып алганы олуттуу маселе катары  коомчулукта  көтөрүлө баштаган.
Мурда бир канча жолу соттолуп, кылмыштын оор түрлөрү менен кесилген, кийин динди жамынып кылмыштуу иш-аракеттерин уланткан уюшкан кылмышкерлер тобунун мүчөлөрүн, оперативдүү кызматкерлер жаңы “каралар” деп тергешет . Мурункудай күч колдонуп, зордук, опуза менен акча сурабай, мисалы көңүлүнөн чыкканын - “хадия” бер деп талап кылып жатышканын кыргыз  жана чет элдик серепчилер белгилейт .

Азыркы тапта   криминалдык  чөйрө экстремисттерди колдонобу же экстремисттер  крим чөйрөнү колдонобу деген чоң маселе бар. Экстремисттик топ крим чөйрөнү колдонуп  жатат. Себеби  экстремисттер өздөрүнө пайдалуу бардык бузуку күчтөрдү колдоноору маалым. Экстремисттик идеология менен крим чөйрөдөгү  идеологияда ошол эле терминдер колдонулат. Мисалы “брат, братья” деген  терминдер бар. Бул термин орус  түрмөлөрүндө 1990-жылдардан баштап, кийин Казакстан менен Кыргызстанга кеңири жайыла баштаган. Россиянын камак жайларында экинчи чечен  согушунда жазага  тартылган кылмышкерлер менен  уюшкан топтордун мүчөлөрүн мусулман динине үгүттөп, өздөрүнө тартып алышкан.  Алар мусулман динин кабыл алымыш болуп  кылмыш чөйрөсүндөгү  түшүнүктөрүн айкалыштырууга жетишкен.

 Айрым учурларда абакка кесилген экстремисттик, террористтик кылмыштар  жана   уюшкан кылмыш топтордун өкүлдөрү исламдын фундаменталдык үгүтүн чогуу жүргүзүшүп, ийгиликке жетишкен. 2012 –жылы күч түзүмдөрү Ульяновск облусунда  аты аталбаган бир абакта , согушкерлер жаза тартып жаткан кылмышкерлердин арасынан террорчуларды даярдаганын билдиришкен. 

Исламчы –радикалдар этникалык мусулмандарды гана эмес, орус улутундагы кылмышкерлерди да өз катарына кошкон. Отузга жакын шектүүлөр кармалган жана китепканасынан экстремист маанидеги адабияттар табылган. Эң биринчилерден болуп Татарстанда түрмө имамдары пайда болуп, ваххабит багытында үгүт иштерин жүргүзүшкөн.Татарстандын муфтиятында 2002–2011-жылдары жаза аткаруу мекемелери менен кызматташуу боюнча атайын бөлүм ачылган. Айрым өкүлдөрү кийин ал абактагы жихаддын идеологдоруна айланышкан. Алардын ою боюнча  жихаддын жетекчилери эр жүрөк инсандар болушу керек. Мындай кызматка кылмышкерлик топ  келген. Себеби экстремисттик агымдагы топтордун жетекчилери үйү, туугандары жок, эч кимге кереги жок болуп калган абакта жаткан кылмышкердерди өз кучагына алышкан. Аларды эркиндикке чыккандан кийин «браттар» жардам берип, бир туугандай мамиле кыларын кулактарына куюп, ишендиришет. “Ошол эле учурда Россиянын түрмөлөрүндө диний экстремистер салттуу динди кармангандарды, куугунтукка алып жатышат”-  деп жазат россия интернет булагы “Вопросик”. 

 Уюшкан кылмыш топтордун  өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин дин,  диндин урааны менен жаап, мусулман жамааты деп аташып. Капырларды тоноо соопчулук ыйык куран китебинде  жазылган  деген шылтоо менен  Россиянын кээ бир аймактарында  таралып жатканы. Эң кызыгы, бул кылмышкерлердин көпчүлүгү орус улутундагылар деп орус басылмасы Огонек жарыя салган. Ошол эле  учурда орус күч түзүмдөрү мындай жол менен табылган  арам акчалар  террорчуларды түздөн түз  каржылайт деп  далилин келтиришет. Түрмөлөрдө диний экстремисттер төмөнкү дээңгелдеги адам санынан чыгып калган катмарларды өздөрүнө тартып, мурдагы кылмыш дүйнөсүндөгү  мыйзамдарына каршы  чыккандан коркпой саясатын жүргүзүп  жатышат. Бул чөйрөнүн аталыктары жактырбаганы менен күрөшкөнгө дарманы жетпей жатат. Түрмөдөгү жихадды даңазалаган ырчылары да пайда болду. 

Келечекте  ислам радикал уюмдары  жогоруда аты аталган катмардан идеологиялык жактан, эч нерседен тайманбаган моджахеддерин даярдап жатканын орус серепчиси Раис Сулейменов баса белгилейт. Мындай көрүнүш коңшу Казакстанда байкалат. Экстремисттик топтор менен бул өлкөнүн түрмөлөрүндө күч түзүмдөрү толук күрөшө албай жатканын казак  серепчилери  моюнга алышат. 2011 –жылы  Балхаш абагында жазага тартылган кылмышкерлердин   куралдуу козголоңу болгон. Негизги уюштуручулардын бири диний экстремизм үчүн соттолгон кылмышкер болгонун казак  nv.kz  интернет булагы жарыя салган. Камакка алуу жайларында экстремисттик багыттагы үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн абака кесилгендерди бөлүп кармоо учуру кошуна Өзбекстанда гана ишке ашкан. Эксперттердин баамында бул  мыйзам оң натыйжасын берет.

Алмаз Батилов, “Биринчи радио”

Новости по дате