http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: "Маалымат коопсуздугун камсыздоо негизги маселелердин бири"

Сооронбай Жээнбеков: "Маалымат коопсуздугун камсыздоо негизги маселелердин бири"

19 Июнь , 23:35 782

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жыйынтыгы менен кол коюлган негизги документтердин бири- санариптештирүү жана маалымат- коммуникациялык технологиялар багытындагы кызматташтык болду. Документ кыргыз тараптын демилгеси менен иштелип чыккан. Көпчүлүк лидерлер саммитте киберкоопсуздукту алдын алуу маселесин көтөрүштү. Президент Сооронбай Жээнбеков “маалымат коопсуздугун камсыздоо негизги маселелердин бири болушу керек” деп белгилеген.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер ортосунда маалымат коммуникациялык технологиялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө саммитте талкууланган негизги темалардын бири болуп калды. Бир нече лидерлер жыйындын катышуучуларын бул багыттагы кызматташтыкты күчөтүүгө чакырышты. Жыл өткөн сайын маалымат коопсуздугу кучөп жатат. IT технологияларды экстремисттик жагдайларга пайдаланып жатышат. бул нерсени алдын алуу керек, кызматташтыкты күчөтүп.

Маселен, Беларусь мамлекетине акыркы жылдары жасалган кибер чабуулдар тууралуу Александр Лукашенко маалымат берди. Айтымында, акыркы учурда киберкылмыштуулук тез ыргак менен өсүп, башка кылмыштардан бир нече эсе көбөйдү.
Саммиттин жыйынтыгы менен ШКУга мүчө-мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык Концепциясын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Документ кыргыз тараптын демилгеси менен, маалымат жана байланыш комитети тарабынан иштелип чыккан.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө бир катар мамлекеттердин маалымат коммуникациялык технологиялар жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында чоң тажрыйбасы бар жана Кыргызстан азыркы учурда алар менен тыгыз кызматташтыкты баштаган. Маселен, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында санариптештирүү жана инновациялык өнүгүү тармагында тажрыйба алмашуу меморандумуна кол коюлду. Ага ылайык, санариптик технологиялар боюнча Индия мамлекетинин тажрыйбасын өлкөнүн бардык тармактарында пайдалануу максаты коюлду. 





Новости по дате