http://www.ktrk.kg/Алтын сертификаттын ээси Элдияр Чормонов ийгилигинин сырлары менен бөлүштү

Алтын сертификаттын ээси Элдияр Чормонов ийгилигинин сырлары менен бөлүштү

19 Июнь , 23:40 1838

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упайды Жалал-Абаддык Элдияр Чормонов топтоп, 238 балл алды. Келечекте программист болууну эңсеген Элдияр, тездик менен ааламдашып жаткан заманада Кыргызстанга өз салымын кошууну максат кылат.

Дал ушул эң жогорку упайды, Жалпы республикалык тестирлөөдөн Элдияр Чормонов топтоп, кубанычы койнуна батпай турган кези. Анын бул жеңиши талыкпаган даярдыктын үзүрү. Анткени бир жыл бою телефон, интернет өңдүү алаксытуучу нерселерден баш тартып, билимине гана басым жасап, көңүл койгон. Ал Жалпы республикалык тестирлөөгө, бир гана алтын сертификатты багындыруу үчүн ишенимдүү барганын айтат.

Элдиярдын класс жетекчиси Айгүл Шамшиева, окуучусунун ийгилигине кубанып, сыймыктанып турат. Элдияр лицейдин босогосун аттаган күндөн эле билимге болгон умтулуусун көрсөтүп, жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып турчу дейт ал. Тестирлөөнүн жыйынтыгы жогорку билимге карай алгачкы кадам гана экенин жакшы билген Элдияр, программист адистигин өздөштүрүүнү көздөп турат.

Элдияр менен катар эле лицейдин дагы 2 окуучусу тестирлөөдөн алдыңкы катарга чыккан. Ал эми быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө бардыгы болуп өлкө аймагынан 43 миң 440 бүтүрүүчү катышкан. Босого упайдан 27 миң 19 бүтүрүүчү ийгиликтүү өткөн.


Новости по дате