http://www.ktrk.kg/Бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

21 Июнь , 9:43 421

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин милиция кызматкерлери бүтүрүү кечелерине байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 600 милиция кызматкери иштейт. Ар бир мектеп, оюн-зоок жана эс алуу жайларында кайгуул милициясы күзөттө турмакчы. Шаардык ички иштер башкармалыгы ата-энелерди жана тиешелүү тараптарды бүтүрүүчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, керек учурда 102 номуруна байланышууга чакырууда. 

Эскерте кетсек, 9-классты бүтүргөндөр 21-июнда, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 24-июнда аттестат алышат.

Новости по дате