http://www.ktrk.kg/Сары-Челектин жолунун абалына качан көңүл бурулат?

Сары-Челектин жолунун абалына качан көңүл бурулат?

21 Июнь , 10:35 582

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек көлүнө эс алууга баргандар жолдун абалына наарызы болууда. Бул жакка жыл сайын миңдеген туристтер келет. Бирок, бир келип кеткен эс алуучу жол азабын тарткандан кийин, бул жерге кайра кайтып келгенге ашыкпайт. Жамгыр жааганда көлгө жетүү өтө эле кыйын. Эс алуучулардын бири Айымкан аттуу окурманыбыз билдиргендей, Бул жол союз учурунан бери каралбай калган. 60-70 жыл болуп калды. Бул жерди карап, текшерген эч ким жок. Мына минтип унаалар тыгылып чыга албай убара тартып жатышат. Бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жатат. Жолдун ортосу көлчүккө айланган. Ал эми көлдүн көпүрөсүнүн эскилиги жетип, сынып араң эле турат. Ушуну жаңыртып оңдоп койсо деле болот да. Канчалаган туристтер келет. Мынтип отурсак канчалаган туристерди жоготобуз. Жол оңдолсо эс алуучулардын саны көбөйүшү мүмкүн. Жергиликтүү бийликтегилер көзөмөлгө алышса,-деген автор билдирүү жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате