http://www.ktrk.kg/Наристеге жардам көрсөтүүдөн баш тарткан дарыгер

Наристеге жардам көрсөтүүдөн баш тарткан дарыгер

21 Июнь , 10:40 2782

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына Аламдүн районунун Арашан айылынын тургунунан билдирүү келип түшкөн. Дарыгердин орой мамилесине нааразы болгон автордун айтымында,

14-июнь күнү кечки саат 18 чамасында 2 жаш 2 айлык кызым судороги болуп, оозунун тегереги көгөрүп, колу буту муздап, эсин жоготуп, такси менен тез жардамга алып бардык Арашан айылына. Ал жерден дене табын өлчөсө 37.8 болуп, дарыгер тез арада №3 балдар ооруканасына жөнөттү. ШОС болгондуктан жолдор жабык, жолдон кызымдын дене табын көтөрүлгөнүн сезип ченегич салсак 39.4, эсине келбей бара жаттык, араң жетип, кабыл алган жерине кирип фельдшер врачтын жанындагы бош орундукка отурунуз деди. Мен отурсам эле эч нерсе сурабастан дарыгер, "сизге ким уруксат берди, менин уруксатымсыз, эч ким отурганга болбойт, тур дагы чыгып кет, мээс иштебеген" деп эле бакырып баштады. Өзүм кызымдын акыбалына ансыз да өзүмдү жоготуп тургам, өзүм болсо 2 группадагы инвалидмин, аябай жаман болдум, оозума сөз келбей. Бизди карабай коюшту, дарегинер бул жакта эмес экен деп. Ал жерден дене табын өлчөсө 39.8 болду. Тез жардам менен барсак дагы дарыгерден направление сурап, тез жардам менен келдик десек да укпай кабыл албай сытрка чыгарып койду. Мен ал дарыгерге жеткенче эртерээк жетсек экен деп чоң үмүт менен баргам. Дарыгердик милдет эмес адамдык сапат, энелик жүрөк жок экен, - деген автор видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате