http://www.ktrk.kg/Бишкектен Ошко атасына качып бараткан эки кыз аныкталып, жардам көрсөтүлүүдө

Бишкектен Ошко атасына качып бараткан эки кыз аныкталып, жардам көрсөтүлүүдө

21 Июнь , 15:07 334

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектен Ош облусунда жашаган атасына качып бара жаткан 7 жана 11 жаштагы эки кыз аныкталып, аларга тиешелүү жардам көрсөтүлө баштады. Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдиргендей, кыздар эч кимге билдирбей, өз алдынча кетип бара жаткандыгы тууралуу маалымат Акыйкатчы институтуна 20-июнь күнү саат 21.05те түшкөн. 

Окуучу кыздар Бишкектеги Батыш автобекетине барып, такси айдоочусуна Ош облусунун Отуз-Адыр айылында жашаган атабызга жеткирип коюңуз деп суранган. Айдоочу дароо акыйкатчы институтуна жана милицияга кабар берген. Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева дароо бекетке барган. Кыздар апасы өлүп калгандан кийин атасынын карындашынын үйүндө жашарын, ал аларды кордоп, "колуна тийген нерсе менен уруп иерин" айтып беришкен. Ошондой эле, эжеси балдар үйүнө берип салам деп коркутарын кошумчалашкан. 

Жамгырчиева тиешелүү актыны түзгөндөн кийин кыздарды Бишкек шаардык балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми кыздардын атасы менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон эмес. Акыйкатчынын Ош облусу боюнча өкүлү кыздардын атасын жашаган дареги боюнча издеп барып, кыздары менен байланыштырууга аракет кылат", — деп билдирди институттан. Бүгүнтөн баштап кыздардын укугун коргоо жана коопсуздугун камсыздоо иштери башталды.

Новости по дате