http://www.ktrk.kg/Мындан ары террористтер өзүнчө абакта кармалат

Мындан ары террористтер өзүнчө абакта кармалат

19 Апр 2016 , 3:00 1137

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мындан ары кылмыш-жаза кодексинин терроризм, экстремизм беренелери боюнча соттолгондор абактарда өзүнчө бөлүнүп кармалат. Бул тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мындай чаранын максаты - камакка алуу жайларында экстремисттик багыттагы үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу. 

Былтыр октябрь айында, №50 абактан качкандардын окуясы. Бир убакта 9 адам, мекеменин үч кызматкерин өлтүрүп, Кыргызстанда жаңы салынган, айланасы бекем курчалган, ал тургай уюлдук телефон тартпай, күчөтүлгөн тартипте камералык система менен иштеген абактан качып кетишкен. Кийинчерээк алар тыюу салынган «Жайшул Махди»экстремисттик уюмунун мүчөсү экендиги белгилүү болгон.
Жаза-аткаруу кызматынын өкүлдөрү жаңы мыйзам жазууга дал ушул окуя түрткү болгонун айтышууда. Анткени түрмө ичиндеги экстремисттик топтун мүчөлөрү башка соттолгондорду азгырып, андан соң абактан качууну уюштурушкан деген маалыматтар ачыкка чыккан. Жаңы мыйзамга ылайык, терроризм, экстремизм беренелери боюнча соттолгондорду өзүнчө бөлүп кармоо сунушталууда. Учурда Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин төртөөндө эски имараттар оңдоодон өткөрүлүп, өзүнчө бөлүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
 

 Элеонора Сабатарова, Жаза-аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү:  
"Мурда соттолгон, биринчи жолу соттолгондор бар. аларды бири-бири менен контакт болбошу керек деп атабыз. Камерага отургузууга аракет кылып жатабыз". 
Маалыматтарга ылайык, акыркы жылдары терроризмге шектелип кармалгандар кескин көбөйүп, учурда абакта жаткандарынын саны 200гө чамалап калды. Буга чейин экстремизм беренеси менен соттолгондор башка айып өтөп жаткандар менен бирге кармалып, алар өздөрүнүн идеяларын жайылтууга кеңири мүмкүнчүлүк болгон.
Мыйзам 10 күндөн кийин расмий күчүнө кирет. Бул арада парламент депутаттары терроризм боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарууга багытталган мыйзамды биринчи окууда кабыл алышты. Азыркы иштеп жаткан мыйзамга ылайык, террористтик мүнөздөгү кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жылды түзөт.


Новости по дате