http://www.ktrk.kg/Ысык-Көл облусунда саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу жолдору талкууланды

Ысык-Көл облусунда саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу жолдору талкууланды

21 Июнь , 11:00 319

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунда саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу жолдору талкууланууда. Бул иш-чарага саясий партиялардын өкүлдөрү эл аралык эксперттер жана борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууда. 

Анда белгилүү болгондой саясий партиялар тарабынан коомчулук үчүн өздөрүнүн иши тууралуу отчетторду, анын ичинде финансылык отчетторду жыл сайын жарыялап туруу жөнүндө талаптарды белгилөө, ошондой эле партиялардын шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын, шайлоо өнөктүгү учурунда алардын чыгымдарын ачууга багытталган ченемдерди киргизүү маселелери каралууда. 

Мындан сырткары саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин сунуштоодо жана бекитүүдө алардын мүчөлөрү тарабынан чечим кабыл алуунун ачык-айкындыгы камсыздалууга жана партия ичиндеги коррупцияга жол бербөө жагы кошумчаланган. Иш чаранын жүрүшүндө эл аралык эксперттер тарабынан партиялык ишти жөнгө салуунун алдыңкы тажрыйбалары баяндалды. 


Новости по дате