http://www.ktrk.kg/Унаанын терезесин талкалап, ичинен баалуу буюмдарды уурдагандар

Унаанын терезесин талкалап, ичинен баалуу буюмдарды уурдагандар

24 Июнь , 15:58 1200

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургунунан билдирүү келип түшкөн. 

Мен 2019-жылдын 12-апрелинде Жал кичи районундагы “Манас” университетинин мечитине жума намазына кирип кеткенмин. Намаз учурунда сыртта токтотуп койгон автоунаамдын арткы терезесин талкалап, ичинен сумкамды, анын ичинде документтер, ноутбук жана 20 000 АКШ доллары, 400 000 сом акчамды уурдап кетишкен. Намаздан чыгып уурдалганын байкаар замат 102 кызматына телефон чалып, кабар бердим. Укук коргоо органын кызматкерлери келип тийиштүү кагаздарды жаздырышып, ишти көзөмөлгө алышты. Андан соң Ички иштер министри Жунушалиев К.А. атына да жаран катары кайрылганмын. Бир жумадан кийин Бишкек шаарынын Ленин районун ички иштер бөлүмүнө барып, жагдайды сурасам эч кандай чара көрүлбөгөнүн көрдүм. 

Кийин мен өзүм иликтөө жүргүзүүнү чечтим. Уурдалган жердин жанындагы үйлөрдөн суранып, баарынан видео-байкоо камераларынан тийиштүү кадрларды таап, ИИМ кызматкерлерине бердим. Ал жерде төрт жигит автоунаа менен келип, экөөсү намаз учурунда автоунаалардын терезелерин талкалап, уурдап кайра келген машинеси менен кайра кеткени бары ачык, даана көрүнүп турат. Уурдаган кишилердин өздүктөрү такталганына карабастан арадан эки айдан ашык убакыт өтсө да эч кандай жыйынтык чыкпай жатат.

Сизден ушул маселени териштирип, тийешелүү органдар тарабынан керектүү деңгээлде көзөмөлгө алынышын жана уурулардын кармалып, өз жазасы берилишин камсыздап бересиз деп терең ишенем,- деген автор билдирүү калтырган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате