http://www.ktrk.kg/Бишкекте терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган форум башталды

Бишкекте терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган форум башталды

25 Июнь , 13:25 565

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы күрөшүү форуму бүгүн Бишкекте башталды. Ал “Евразия мейкиндигинде натыйжалуу коопсуздук архитектурасын түзүү, терроризм жана экстремизмге жамааттык жооп” деген тамада өтүүдө. 

Талкууга чыгарылган негизги маселелер- терроризм жана экстремизм идеяларына каршы системалуу түрдө иш алып баруу, ЕАЭБдин аймагында коопсуздукту камсыздоо жана жаңы чакырыктарга каршы ыкмаларды даярдоо, эл аралык кызматташтык жана уюмга мүчө өлкөлөрдө маалымат, интернет мейкиндигине маниторинг жүргүзүү үчүн бирдиктүү тутумду иштеп чыгуу болду. 

Иш-чарага ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ жана КМШнын өкүлдөрү, терроризмге каршы түзүмдөрдүн жетекчилери, талдоочулар жана бийлик өкүлдөрү чакырылган. Форумдун жыйынтыгында коопсуздук чаралары камтылган бир катар сунуштамалар иштелип чыкмакчы.


Новости по дате