http://www.ktrk.kg/Президент балдарды коргоодогу айрым кемчиликтерди белгиледи

Президент балдарды коргоодогу айрым кемчиликтерди белгиледи

25 Июнь , 22:08 1635

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдеттери кодексте так аныкталганы менен баары бир айрым кемчиликтер бар экенин кошумчалады. 

"Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок. Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз экени белгилүү. Социалдык коргоо, асыроо, камкордук жана көзөмөл системасында кемчиликтер жана коррупциялык элементтер дагы эле жоюла элек. Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө", — деди өлкө башчы. 

Жээнбеков бул жагдайды өзгөртүү үчүн жалпы коомчулук жапа тырмак киришүүсү керек экенин белгилеп өттү.

"Биз ички мамлекеттик саясатыбызда өзгөчө эске алуучу дагы үч чакырык бар. Биринчиси, 2030-жылдан баштап Кыргызстанда калктын картаюсу башталат. Башкача айтканда, улгайгандардын саны 10 пайыздан аша баштайт. Ошол эле убакта 18 жашка чейинки балдардын саны азыркы 33 пайыздан азайып, 29 пайызга чейин төмөндөйт. Экинчиси - биз региондогу эмгек өндүрүмдүүлүгү эң төмөн өлкө болуп жатабыз. Төмөнкү квалификацилуу адамдар талап кылынган экономиканын структурасы - бул 30 жыл мурдагы саясаттын кесепети. Үчүнчүсү - келе жаткан санарип жана инновациялык технологиялардын заманы жогорку квалификациялуу кызматкерлерди талап кылат. Бирок бүгүн 7 жаштан 14 жашка чейинки балдардын ичинен 51 пайызы гана эсептөө жөндөмүнө ээ болушкан",- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков. 


Новости по дате