http://www.ktrk.kg/“Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” түзүмү ишке кирет

“Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” түзүмү ишке кирет

25 Июнь , 15:53 628

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда “Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” системасы ишке кирет. Мындай кадам камсыздандырылган адамдарга, анын ичинде пенсионерлерге өз ара аракеттешүүнүн ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүүгө багытталат. Натыйжада кайсы бир жаран социалдык фонддун бөлүмүнө келип, жумуштарын бүткөрүү үчүн адистерге кезеке турбайт. 

Анын ордуна өздүк кабинет системасына катталып, андан соң интернеттен өздүк кабинет аркылуу керектүү маалыматтарды аралыктан суроого жана алууга болот. Өздүк кабинет аркылуу эми пенсия чектөө, кайра эсептешүү, пенсияны узартуу жана төлөмдүн ордун же ыкмасын өзгөртүү сыяктуу арыздарды калтырса болот. Сунуш кылынып жаткан система 1-июлдан тарта ишке кирет.

“Мындай кадам санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылды. Эми пенсионерлер гана эмес социалдык фондко келген ар бир жарандын жумушу жеңилдейт”,-дейт Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев.

Новости по дате