http://www.ktrk.kg/Сапырылган Ак-Муз айылынын чаңдуу жолу

Сапырылган Ак-Муз айылынын чаңдуу жолу

26 Июнь , 18:11 216

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына буга чейин Ат-Башы - Ак-Муз каттамындагы жол боюнча көп билдирүүлөр келген. Жергиликтүү тургундар убактылуу оңдоп-түздөө иштери жыйынтык бербей жатканын, бат эле оюлуп ыңгайсыздык жаратып жатканын айтышууда. Мына минтип видеодо көрүп тургандай, жүк ташыган унаалар өткөндө чаң сапырылып үйлөрдү каптап жатат. 

Жууган кийимдерибизди кургата албай убара тартабыз. Чаң үйлөрүбүздү каптайт. Өкмөттөн каражат бөлүнүп, жолубузду оңдоп беришсе,- деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате