http://www.ktrk.kg/Жарандардын өмүрүн сактап калууда куткаруучулардын ролу чоң

Жарандардын өмүрүн сактап калууда куткаруучулардын ролу чоң

1 Июль , 17:08 688

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Өрттөн, суудан, тоо-таш, кардан жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын бардык түрлөрүнөн миңдеген жарандардын өмүрүн сактап калууда куткаруучулардын ролу чоң. Жардамга биринчилерден болуп кол сунган кесип ээлеринин жумушу ары жооптуу, ары кооптуу ошол эле учурда сыймыктуу дагы". Мындай жылуу пикирлер Оштун борбордук аянтында куткаруучулардын кесиптик майрамын белгилөө учурунда айтылды. 

Майрамдык иш-чарага кесип ээлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Анда маалымдалгандай жыл башынан бери ар кандай кырсыкка кабылган 130 мекендешибизге ыкчам жардам көрсөтүлгөн. Өз ишинде артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге сыйлыктар берилди. Сыйга татыгандардын катарында Араван районунун 12 жаштагы тургуну - эң жаш куткаруучу Мыктыбек Усаров да бар.

"Сайдан суу алганы баргам, анан бир баланын ыйлаган үнүн угуп калдым.Ойлонбой туруп сууга боюмду таштап, агып бараткан кичинекей баланы жээкке алып чыктым. Чоңойгондо куткаруучу болом",- дейт Араван районунун тургуну Мыктыбек Усаров.
"Өз кесибим менен сыймыктанам, адам өмүрү баарынан кымбат. Ар убак жардамга колумду сунганга даярмын",- дейт куткаруучу Алтынбек Исабеков.

Новости по дате