http://www.ktrk.kg/Шаар тургундарына уйку бербеген курттар

Шаар тургундарына уйку бербеген курттар

3 Июль , 16:52 372

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Москва жана Умөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринин жашоочуларынын бири атайын "Элдик репортер" рубрикасына видео жөнөтүп, көйгөйү менен бөлүшкөн. Тасмадан көрүнүп тургандай, балконго жакын бактан түшкөн майда курттар үйлөрдүн ичине толуп кеткен. 

"Бир айдан бери ушул курт каптады, дихлофос, дары-дармектер жардам бербей жатат. Балкондон учуп кирип, түнү үйгө толот. Балкондун түбүндө карагач даракта толтура, жалбырактарын жеп бүтүштү. Кошуна Зеленстройго кайрылса, өзүңөр акчасын төлөп ууланткыла дептир. Уйдө кичинекей балдар бар, түнү мурду, кулагына кирип кетеби деп коркуп, таң аткыча уктабай карап отурам. Бул дарактарды дарылап, же кыйып салбаса, бул курттар менен жашаш кыйын болуп барат",- дейт шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате