http://www.ktrk.kg/Жашыл экономика - бир эле мамлекеттин эмес, бүтүндөй жер жүзүнүн көйгөйү

Жашыл экономика - бир эле мамлекеттин эмес, бүтүндөй жер жүзүнүн көйгөйү

9 Июль , 15:09 872

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эл аралык уюмдардын билдиришинче абанын булганышынан жылына дүйнөдө 7 миллион адам көз жумат. Бул өндүрүштө зыяндуу заттарды колдонуунун натыйжасы. Атмосферанын булгашынынан эң көп жабыркагандар аялдар менен балдар. Анын кесепетинен жугуштуу оорулулар жана башка илдеттер күч алууда. Мындан улам жашыл экономиканы түзүүгө кадам ташталды. Себеби маселе бүткүл адамзатты түйшөлтүп турат. Мындан улам адамдар экологияга зыян келбегидей долбоорлор менен иштей баштады. Анын бири жылуулуктун башка түрүн колдонуу.

“Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасы шаардын түштүк-батыш тарабын ысык суу жана жылуулук менен камсыйдайт. Бул Бишкектин жашоочуларынын 30% түзөт. Ишкана өндүрүшүндө азырынча күн энергиясынын батареяларын колдонгон алгачкы ишкана.

Ишкана жылуулуктун бул түрүнө өткөнүнө үч жылга чамалаптыр. Бул от жагуучу же сууну ысыта турган жай. Күйпүлала болуп көмүр жакмай деген жок. Бир чети таза дагы. Эң негизгиси экологияга зыян келбейт. Сууну ысытуу үчүн газ же отун колдонулбайт. Күндүн жылуулугун топтой турган күн коллекторлордун 364 даанасы орнотулган. Азыр ишкана шаардыктарга ысык сууну үзгүлтүксүз берип жатат.

Күн коллекторунун ичиндеги суюктук күндүн нурун өзүнө тартып алат. Ысыкты топтогон суюктук куурлар аркылуу от жагуучу цехке жеткирилип, буу казандагы суу анын жардамы менен ысыйт. Жашыл экономиканы түзүүнүн алкагында ишке ашкан долбоордун максаты Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу көздөйт. Ошондо ишкана жылына абага бөлүнүп чыга турган 240 миң тонна булганыч заттарды ыргытууну кыскартты.

Кыргызстанда экологияга зыян алып келбегидей ошол эле учурда экономикалык жактан пайдалуу долбоорлор бирин-экин гана тармактарда колдонулуп келүүдө. Мындан улам, адистер эгер жашыл экономиканы кеңири жайылтабыз десек баардык тармактарда долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл деген ойдо.

Соңку жылдары абанын булганышына жалпы эле экологияга терс таасир берген жагдайлар арбыды. Унаалардын көптүгү андан чыккан түтүн жана Жылуулук берүү борборунан, кышкысын жеке турак-жайлардын жашоочулары жаккан отундан атмосфера булганууда.
Кыргызстан “Жашыл экономика өлкөсү концепциясын” кабыл алган. Анын алкагында жумуштар ишке ашырылууда. Экономика министрилиги жашыл экономиканы түзүү боюнча атайын Программа да иштеп чыкты. Учурда долбоор Өкмөттүн кароосунда. Жашыл экономика - бир эле мамлекеттин эмес, бүтүндөй жер жүзүнүн көйгөйү. Жашыл экономика айлана-чөйрөгө пайда гана алып келет. Адистердин айтымында жаратылышты коргоп, экологияны таза сактоо үчүн жашыл экономиканы кеңири жайылтуу зарыл.


Новости по дате