http://www.ktrk.kg/Мундуз айылында катуу сел жүрүп, турак жайларды каптады

Мундуз айылында катуу сел жүрүп, турак жайларды каптады

9 Июль , 9:37 864

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аксы районундагы Мундуз айылына барчу жол селден улам жабылып, жергиликтүү эл жарыксыз калды.
Айылда 30 турак жайдын короолорун жана 5 үйдү суу каптады. 9-июлда кечке жуук райондун Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңгак, Семет, Мундуз, Таш-Жар айылдарында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду жана турак жайларды каптаган.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчилиги кырсык болгон аймактарды кыдырып чыкты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, катуу жааган жамгырдан улам тоолордо кыян пайда болуп, селге айланган. Райондук деңгээлдеги 7 чакырым жана 2,5 чакырым ички чарбалык жолдордун бир катар бөлүгү жарактан чыккан. 

Мындан сырткары, "ГАЗ-53" автоунаасын жана бир жеңил машинени сел агызып кеткен. Учурда келтирилген чыгымдар такталып жатат. Селди тазалоо иштери жүрүүдө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате