http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдө эл аралык экономикалык форум өтөт

Ысык-Көлдө эл аралык экономикалык форум өтөт

10 Июль , 10:22 3206

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көлдө VI эл аралык экономикалык форум уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 2-август күнү Чолпон-Ата шаарында уюштурулат. Ага ондогон ата мекендик жана чет элдик компаниялар катышып, түрдүү тармак боюнча кызматташууну талкуулашат. 

Өткөн жылы аталган форумга Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Бириккен Араб Эмираттарынан 400дөн ашык адам келип, 34 миллион доллардан ашык акчага келишим түзүлгөн.

Новости по дате