http://www.ktrk.kg/Чычкан дарыясына кулагандар изделүүдө

Чычкан дарыясына кулагандар изделүүдө

10 Июль , 11:54 1120

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чычкан дарыясына кулап кеткен автоунаанын ичиндеги жигиттер изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Кырсык 2-июль күнү Бишкек-Ош жолунун 270-чакырымында болгон. Ошол эле күнү 22 жаштагы жарандын сөөгү табылган. Анын жанында дагы эки курдашы болгон. 5-июлда сууга кулаган Honda Fit үлгүсүндөгү автомашина табылган.

Бир жумадан бери издөө иштери менен 41 куткаруучу, 10 милиционер жана жоголгондордун 15 тууганы алектенип жатат.

Новости по дате