http://www.ktrk.kg/Медиа өкүлдөрүнүн катышуусундагы форум өттү

Медиа өкүлдөрүнүн катышуусундагы форум өттү

22 Апр 2016 , 3:31 837

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандагы телевидение, радио, гезит, журнал жана маалымат сайттарынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен келечектеги медиа кызматкерлер жолукту. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 20 жылдыгына карата өткөрүлгөн форумга Коммуникация факультетинин студенттери катышты. 

Жолугушууда өлкөнүн баардык аймактарынан келген медиа өкүлдөр - билим алып жаткан университеттин жайы менен таанышты. Андан соң жогорку окуу жай тууралуу КТМУнун теле студиясы тарткан тасма келгендерге көрсөтүлдү. Жолугушуунун алкагында облустардан келген медиа жетекчилер студенттерге окутууларды өткөрөт. 

Жалпысынан 40ка жакын медиа тармактын өкүлдөрү катышкан жыйындын соңунда бул университет менен кызматташуу келишимдерине кол коюлат.



Новости по дате