http://www.ktrk.kg/Тез жардам унаасы көбөйөт

Тез жардам унаасы көбөйөт

10 Июль , 23:37 638

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Коопсуз шаардан” түшкөн айып пулдун бир бөлүгү тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Мындай шартты бекемдеген чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Тез жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат. Бул аракеттер тез жардам унаааларынын санын көбөйтүүгө шарт түзөт. Антпесе тез жардам унааларынын тартыштыгынан чакырууларга өз маалында барууга мүмкүн болбой келет.

Бишкектин тез жардам борборуна чалуулар минтип мүнөт сайын түшүп турат. Суткасына телефон аркылуу эки миң кайрылуу кабыл алынат. Шаардын жарандарынан телефон чалууларын онго жакын оператор тынбай күнү-түнү кабыл алып отурат.

Жакшы жагы былтыр автоматташтырылган башкаруу тутуму ишке киргенден бери жумуш аз да болсо жеңилдеди. Монитор аркылуу тез жардам унаалары шаардын кайсы аймагында экенине онлайн байкоо салып турса болот. Эң башкысы тутум аркылуу тез жардам көрсөтүүчү топко кийинки жардам сурап кайрылгандардын дареги телефонго ыкчам жиберилип турат.

Эски унаалар бузулуп калганда минтип ылдам оңдой калышат. Антпесе чакыруу абдан эле көп. Күнү-түнү тынбагандыктан унаалардын бузулуп калмайы такай эле кездешчү көрүнүш. Бишкек шаарынын калкы өсүп жаткандыктан тез жардам алыскы жаңы конуштарга чейин барышат. Көпчүлүк унаалардын колдонуу мөөнөттөрү эбак эле өткөн. Эң эскиси 2000-жылдары чыккан үлгүдөгү унаалар. 37 тез жардам унаасы шаардын үчтөн бир бөлүгүн гана тейлеп жетишүүдө. Кандай болсо да адам өмүрүн сактап калуу башкы милдет. Тез жардам унаалары биринин аркасынан экинчиси чакырууларга чыгып жатышат.

Бишкек шаарынын калкынын саны өсүп жатканына байланыштуу тез жардам кызматына болгон муктаждык да өскөн. Мындан улам Өкмөт чечкиндүү кадамга барып, “Коопсуз шаардан” түшкөн айып пулдун бир бөлүгүн тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшоо чечимин кабыл алды. Каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу Тез жардам кызматына которулат.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычы ишке киргенде өлкөнүн башка да аймактарынын Тез жардам кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн айып пулдардын бир бөлүгүн бөлүү караштырылып жатат.


Новости по дате