http://www.ktrk.kg/Укалоо салонунун аты менен көмүскө жайды иштеткендер кармалды

Укалоо салонунун аты менен көмүскө жайды иштеткендер кармалды

11 Июль , 11:59 2303

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аймактар аралык башкармалыктын ыкчам кызматкерлери укалоо салонунун аты менен көмүскө жайды уюштуруу, кармоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Ош шаарындагы кичирайондордун биринде укалоо салонунун аты менен сойкулук менен алектенген көмүскө жай иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Жергиликтүү тургундар арыз менен ички иштер органдарына кайрылып, күмөн ойлорду жараткан мекемени текшерүүнү суранышкан.

Текшерүү учурунда аталган салондо кармалган төрт аял тергөө органдарына жеткирилип, алардын көбү башка аймактардан келгендиги маалым болгон. Кармалган жарандардын бири көмүскө жайды уюштурууга шектелүүдө. 

Жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.




Новости по дате