http://www.ktrk.kg/ Борбор калаадагы коомдук унаалар текшерилет

Борбор калаадагы коомдук унаалар текшерилет

11 Июль , 13:01 537

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада 8-июлдан 31-июлга чейин "Коомдук транспорт" деп аталган рейд болот. Бул туурасында борбор калаанын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. 

Аталган иш-чаранын максаты — маршрутка, автобус жана жүргүнчү ташуу менен алектенген такси фирмаларынын мыйзам бузууларын жоюу. Автоинспекторлор айдоочулар менен маектешип, жолдо жүрүү эрежесин сактоо канчалык зарыл экендигин түшүндүрөт. 

Ошондой эле транспорттун техникалык абалына көзөмөл жүргүзөт. Эгер мыйзам бузуулар табылса, административдик протокол түзүлөрү айтылат.




Новости по дате