http://www.ktrk.kg/ЖККУ туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч жараткан маселелерди талкуулады

ЖККУ туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч жараткан маселелерди талкуулады

11 Июль , 16:26 3944

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаштарды туура жолго салууга баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Антпесе туура эмес идеологиялардан улам, ар түрдүү иштерге аралашып кетип жаткандыгы кейиштүү болуп жатат, - деген ой-пикирлер Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин - туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч жарата турган маселелерди талкуулаган жыйынында айтылды. 

Тегерек столдо ошондой эле, тажик-афган чек арасындагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча аракеттер, ЖККУнун 2020-жылга карата жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын чогуу даярдоо пландары тууралуу сөз болду.

"Жамаатык Коопсуздук Келишим Уюмунун июнь айынын соңунда Кыргызстанда өткөн жыйынында туруктуулукка, коопсуздукка багытталган көп маселелер көтөрүлүп, талкууланды. Алардын ишке ашырууга ЖККУ жардамын, кеңештерин берет. Уюмдун потенциалы чексиз. Негизи эле, Афганистандагы, Сириядагы абалга ар бирибиз тынчсызданып терен ойлонушубуз керек",- дейт КРСУнун проректору Леонид Сумароков. 

Новости по дате