http://www.ktrk.kg/Cоцтармактардын таасири тууралуу кыргызстандык илимпоздун баяндамасы эң мыкты деп табылды

Cоцтармактардын таасири тууралуу кыргызстандык илимпоздун баяндамасы эң мыкты деп табылды

15 Июль , 12:42 578

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Кыргызстандык жаш илимпоз Сейитбек Тилековдун «Социалдык тармактарга берилүүнүн студенттердин эске тутуу жөндөмү менен академиялык жетишкендиктерине тийгизген таасири» аттуу баяндамасы Жаңы Зеландияда өткөн эл аралык конференцияда «Эң мыкты баяндама» деп табылды. 

Кыргыз илимпозу журналистика жана коммуникация тармагы боюнча жасалган 200 катышуучунун ичинен мыкты деп табылган.

 Кыргызстандан Жаӊы Зеландиядагы илимий конференцияга Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясынын вице-президенти, доктор Элира Турдубаева, ассоциациянын мүчөлөрү Сейитбек Тилеков жана доктор Регина Жаманкулова барган.  

Эл аралык конференцияны Бүткүл Дүйнөлүк Коммуникация ассоциациясы жана Бизнес Коммуникаторлор ассоциациясы уюштурушкан. Конференцияга  Армения, Австралия, Бельгия, Канада, Кытай, Финляндия, Гуам, Индия, Италия, Япония, Казахстан, Корея, Кыргызстан, Малайзия, Нигерия, Нидерланды, Жаӊы Зеландия, Филиппин, Россия, Сингапур, Улуу Британия жана АКШ өлкөлөрүнүн өкулдөрү катышты.

Новости по дате