http://www.ktrk.kg/ЖЭБ боюнча сот отурумунда айыпталуучулар тиешелүү шарттарды түзүүнү суранышты

ЖЭБ боюнча сот отурумунда айыпталуучулар тиешелүү шарттарды түзүүнү суранышты

15 Июль , 15:35 823

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек  шаарынын  Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук   борборун   модернизациялоо иши боюнча ачык отурум өтүп жатат. Ага   Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда. Отурумдун башталышында айыпталуучулар процестти өткөрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүнү суранышты. 

 Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген. 

Мындан улам, мурдагы   премьер-министрлер  Сапар Исаков  менен  Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы  жетекчиси Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы   башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук  борборун  модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы  финансы министри Ольга Лавровага кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Новости по дате