http://www.ktrk.kg/Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушу аяктайт

Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушу аяктайт

15 Июль , 20:35 698

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы курулуш иштери жүрүп жаткан тилкелерди көрүп чыгып, жергиликтүү жашоочулар менен маектешти. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, учурда Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык Балыкчы шаарынын айланма жолунда жасалма курулуштарды куруу, коммуникацияларды орнотуу жана суу өткөрмө түтүктөрүн коюу жүрүүдө.

Анын айтымында, айланма жолдун курулушуна 500 млн. сом керектелет. Бул каражат Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо болжолдуу долбоорунда каралган эмес.

Унаа жолун реконструкциялоонун баасы баштапкы пландагы 6 млрд. 803 млн. сомдон 8 млрд. 785 млн. сомго чейин көбөйгөн.

«Бул маанилүү жолдун реконструкциясы тийиштүү эсептөөлөрсүз жана каржы булактары бекитилген долбоорсуз башталган. Мындай чечимдин кесепети бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн бюджетине оор жүк болуп жатат. Бирок Өкмөт аталган жолдун курулушун быйыл аяктоо үчүн зарыл каражаттарды табат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.



Новости по дате