http://www.ktrk.kg/БУУ: Адам укуктары боюнча комитети Аскаровду актоо талабын койду

БУУ: Адам укуктары боюнча комитети Аскаровду актоо талабын койду

22 Апр 2016 , 12:32 2584

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бириккен улуттар  уюмунун  адам  укуктары  боюнча  комитети  абакта олтурган укук коргоочу  Азимжан Аскаровду  бошотуу, аны күнөөлү деп тапкан Жогорку Соттун өкүмүн жокко чыгаруу талабын  коюшту.  Мындай маалыматтар аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү абакта Аскаровго терс мамиле көрсөтүлүп,  адам чыдагыс  шартта кыйноолорго кабылып  жаткандыгын, укук коргоочуга   адилетсиз  өкүм  чыгарылгандыгын  белгилешкен. Бириккен улуттар уюмунун  комитети,   Азимжан Аскаровдун  Кыргызстанга каршы арызын карап жатып дал ушул жүйөөлөрдү келтирүү менен ага карата күнөөлүү деп чыгарылган чечимди жокко чыгарууга чакырган. Бул маалыматтар  бүгүнкү  коомчулуктун  көңүлүн бурууда.  Алар  эл аралык уюмдардын  мамлекеттин  ички  саясатына  кийлигишип,  Жогорку Соттун  өкүмүнө   каршы чыгуулары, буга чейин   соттор көз карандысыз болуусу керек  деген  бийик чакырыктарына  шайкеш келбей жаткандыгын мисалдатышат. 

Базар-Коргон районунун милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов укук коргоо органында жыйырма бир жыл кызмат өтөгөн. Ал 13-июнь күнү Жалал-Абад облусундагы кайгылуу окуялар учурунда  элдин тынчтыгын  бузгандар менен күрөшүп,  кызмат учурунда каза тапкан эле. Ушул кезге чейин анын көз карашын эстеп келем. Ал унаасына олтурарда дайыма мага башын ийкеп коюп, анан  жумушуна кетчү. Ошол күнү  сезгендей болдубу  билбейм,  каргашалуу күнү  жумушка кетип жатып мага  биринчи жолу колун булгалады. Көрсө  ал  мени менен түбөлүккө  коштошкон  экен,-деп  маркумдун жубайы  Чынара  Бечелова  үй бүлөнүн  башына  кара түн тушкон күндү ар дайым эскерип келет.

Милициянын капитаны, июнь коогаланы  учурунда  кызмат  өтөп  жатып каза тапкан  Мыктыбек  Сулаймановду  мыкаачылык менен  өлтүрүүгө  катышы бар  жана  Базар-Коргондо улут аралык чатакты козуткан  деп айыпталып,  Азимжан Аскаров райондук сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган  болчу. Бирок ошол кундон бери  өлкө аймагындагы  бир катар бей өкмөт  уюмдардын өкүлдөрү  Аскаровдун  күнөөсү  жок экендигин айтышып, мезгил-мезгили менен ун чыгарып турушканы маалым. Өткөн жылдын   11-июнунда   БУУнун баш катчысы  Пан Ги Мундун Кыргызстанга  келишине  алар кайрадан кайрылуу жасашып, алтурсун баш катчынын  жубайы  Пан Ю Сун Дэк  менен жарандык  уюмдардын  өкүлдөрүнүн   жолугушуусу учурунда “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун  жетекчиси  Азиза Абдрасулова мындай доклад жасаган: 

"Менин сизге чоң өтүнүчүм, 5 жылдан бери абакта жаткан Азимжан  Аскаровго көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Ага абакта  зордук-зомбулук болуп жаткандыгын  айткан биздин бир канчалаган жүйөөлөрүбүздү,кыргыз бийлиги, кыргыз   прокуратурасы четке кагып, ишти кайрадан иликтөөгө албай, ага укуктук  баа берилбей,  чындыгында буга кимдер  күнөөлү алар жоопкерчиликке тартылбай келет".

Эми минтип  өлкөдө  улут аралык жаңжалды козуткан деген  айып менен  өмүр бою эркинен  ажыратылган  Аскаровдун боштондукка  чыгарылышын аталган уюмдун  адам укуктары боюнча комитети  талап коюп чыгышты. Комитетке адам укугу боюнча кирген көз карандысыз 18 эксперт Кыргызстан Аскаровго күнөө тагып жатып, жарандык жана саясий укуктар боюнча Атуулдук жана саясий  укуктар  жөнүндө эл аралык Пактынын беренелерин бузган деген  айып тагууда. Кыргызстан  бул пактын мүчөсү экендигин белгилей кетели. Тактап айтканда,  комитет  эң алгач  Аскаров  каза болгон кызматкер иштеген милициянын бөлүмүндө кармалып  турган жана  аны коргоого кепилдик бере турган коопсуздук боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Көз карандысыз эксперттер жүргүзгөн соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында  Аскаровго зордук-зомбулук көрсөтүлгөн деген бүтүм чыгарган. Мындан сырткары,  Кыргызстан Аскаровдун кыйноолорго кабылгандыгы боюнча арыздарын тез арада жана майнаптуу кылып иликтөөнү камсыздаган эмес деп билдирген. Аскаровго Кыргызстан чыгымдарын толук төлөп бериши  керек дешет алар. БУУнун экспеттери чыгарган бүтүмгө Жогорку  Кеңештин эл аралык  иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы, депутат  Алмазбек  Баатырбековдун өз көз карашы бар.  

Ал эми юридика илмдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоноалиев БУУнун  адам укуктары  боюнча  комитетинын билдирүүсү  былтыры  АКШнын мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго  адам укугу жаатында    сыйлыгына  көрсөткөндүгүнүн  көчүрмөсү  экендигин айтат. Бириккен улуттар уюму өзүнүн уставында  белгиленген шарттарды  өзу бузуп жаткандыгына токтолгон  юрист, Кыргызстан  башка мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын ар кандай билдирүүлөрүнө маани бербеши  керектигин, ага тышкы иштер министрлигинин нотасы жетиштүү болорун  айтты.

Өткөн жылы  АКШнын мамлекеттик департаменти  Аскаровго  адам укуктарын  коргоочу  сыйлыгын тапшырып,  Буга расмий Бишкек токтоосуз түрдө жооп кылып, сыйлыктын берилишин сынга  алып,  тааныбай турганын билдирген. 17-июлда АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлзга Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев каршылык нотасын тапшырган. Бир күндөн кийин 18-июлда Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишимди бир тараптуу жокко  чыгарган.   Президент Алмазбек Атамбаев  сыйлыктын тапшырылышына  чагымчылдык   деген баасын  берип, тышкы иштер министрликтин  кадамын толугу менен колдой турганын айткан. Өлкө башчы  мындан мурун  Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында журналисттин суроосуна Аскаровдун иши кайра каралышына негиз болсо, ага өзү да кызыкдар экенин билдирип, бирок бул маселени президент эмес, сот чечүүгө тийиштигин айткан эле.  Азырынча  тышкы иштер министрлигине  БУУнун   адам укуктары боюнча комиттетинин  Аскаров боюнча  документи   келе элек. Расмий түрдө келгенден кийин министрлик тарабынан  тиешелүү  иш аракеттер  көрүлөрүн  мекеменин  басма  сөз  катчысы  Нурлан Сүйөркүлов  билдирди.

Белгилей кетсек, Ош коогалаңы  боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров, Бишкектеги түрмөлөрдүн биринде отурат. Камакка түшкөнүнө  6  жылга чукулдап калды.

 Г.Каражанова, "Биринчи радио" 

Новости по дате