http://www.ktrk.kg/Өлкөнү санариптештирүү аракети  калктын түйшүгүн жеңилдетүүдө

Өлкөнү санариптештирүү аракети калктын түйшүгүн жеңилдетүүдө

16 Июль , 19:56 806

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында “Укук” жана “Соцсервис” мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Тиешелүү чечимге Премьер-министр кол койду. Алдыда жарандардын керектөөлөрүн түшүнүп, аларды канааттандыруу максатында министрликтер үчүн программаларды иштеп чыгуу зарылдыгы бар экендигин айтышат адистер.



Өлкөнү санариптештирүү аракети эң ириде калктын жашоо турмушун жакшыртууга багытталган. Анын натыйжасын жарандар күндөлүк турмушунда сезиши керек. Акыркы эки жылдан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук ыкмага өткөрүү жигердүү жүргүзүлүп, калкты тейлөө борборлорунда документ алуу бир топ жеңилдеген. Маалымкат берүү, каражат төлөмдөрү бир жерде жүргүзүлүп, бул эрежелерди жакшыртуу иштери уланууда.

Дастан Догоев мындан сырткары Президентке санариптештирүү багытындагы артыкчылыктуу долбоорлор жана заманбап технологияларды киргизүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берди. Айтымында, жакынкы мезгилде 189 мамлекеттик кызмат электрондук ыкмага өткөрүлүп, бул өз кезегинде 500 миңден ашык өлкө жарандарын камтып, калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөр 30 пайызга кыскартылмакчы.


Мамлекеттик мекемелердин бири-бири менен байланышын күчөтүп, кагаз менен иштөө ыкмасын азайтуу милдетин “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борбору аткарат. Борбордун бир жылда аткарган иштери жана мындан аркы иш аракеттери тууралуу жетекчиси Нурия Кутнаева маалымат берди. Айтымында, тутумга бир жыл мурун 15 мамлекеттик мекеме кошулса, азыркы учурда алардын саны 60ка жетти.




Новости по дате