http://www.ktrk.kg/Салык кызматы 6 ай аралыгындагы көмүскөдөгү салыкты таап чыкты

Салык кызматы 6 ай аралыгындагы көмүскөдөгү салыкты таап чыкты

17 Июль , 10:06 809

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 6 айында көмүскөдөгү 7 миллиард 717 миллион 400 миң сомдук салыкты таап чыкты. Аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, жарым жылда жашыруун салыктарды аныктоо үчүн 5 миң 868 текшерүү жүргүзүлгөн. 

Анын ичинен азыркы тапта 5 миллиард 874 миллион 700 миң сом өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1 миллиард 566 миллион 200 миң сомго же 76,1 пайызга көптүк кылат. 

Ошондой эле калган 1 миллиард 316 миллион 400 миң сом өлчөмүндөгү салыкты өндүрүү үчүн 115 материал укук коргоо органдарына берилген.



Новости по дате