http://www.ktrk.kg/Айдаркен: ысыкта сууга чаңкап...

Айдаркен: ысыкта сууга чаңкап...

17 Июль , 17:47 314

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айдаркен шаарынын тургундары суу маселеси боюнча "Элдик репортерго" кайрылышкан. 

Кадамжай району Айдаркен шаарында 11 миңдей калк жашайт. Жака-белдеги айылдарды кошпогондо. Шаардын 64-кичи районунда 21 көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Шаарыбызда 2-июлдан бери суу жок, күндүн ысыгы 30-35 градуска чейин ысып жатат. Шаардык мэрияга деле кайрылдык карап жатабыз, оңдоп жатабыз, эртең беребиз деген убадасынан башка эч нерсе жок. Шаарыбызда үйлөрдөн сырткары даараткана каралган эмес. Санитардык жактан көйгөй жаралбайбы деген ойлор пайда болууда. Жогору жактагылар билип ушул маселебизди чечкенге жардам беришсе деген үмүт менен сиздерге кайрылуудабыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате