http://www.ktrk.kg/Кара-Кулжа: ичүүчү суубузду булгап жаткандар

Кара-Кулжа: ичүүчү суубузду булгап жаткандар

17 Июль , 16:50 332

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына Кара-Кулжа районунун тургунунан билидирүү келип түшкөн.

Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын баш жагында кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыздан калган жети кабат жер астынан чыккан мөлтүр кашка Тогуз-Булак суубуз бар. Бул суу 4 айылды аралап агат, он миңден ашык жашоочулар илгертеден бери ичип келгенбиз. Эми бул суубуздун баш жагына жеке ишкерлер боз үйлөрдү тигип алышып, эс алуучу жайга айландырып алган. Сууга киринишет, унааларын, килемдерин жуушат. Ал суудан биз ичебиз. Айылда таза суу деген жок, жылына жаш балдар сарык оорусу менен оорушат. Райондук санэпидемстанция келип текшербейт. Бул жерде спирт ичимдиктердин айынан сууга чөгүп жылына адамдар каза болот. Айыл башчы, айыл өкмөттөр иштебейт, биз талап кылат элек ошол жердеги жеке ишкерлерди жок кылып ал жерге адамдарды түшүрбөсүн деп. Себеби ал сууну ылдый жагында төрт айыл ичебиз. Ушул маселени жергиликтүү бийликтегилер карап берүүсүн суранат элек,- деп кайрылган айыл тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате