http://www.ktrk.kg/Гулнара Каримова абактан ооруканага которулду

Гулнара Каримова абактан ооруканага которулду

19 Июль , 14:15 2140

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун  кызы Гүлнара Каримова абактан ооруканага которулганын  жактоочусунун билдирүүсүнө  таянуу  менен  чет элдик маалымат каражаттары   жазды.  

Гүлнара Каримова 10 жылга эркинен ажыратылып, Ташкент шаарындагы абакка камакка алынган. 

Гулнара Каримова Ташкент облусунун Зангиота районундагы №21 абакта жазасын  өтөп жаткан.

 2015-жылы ага  Швеция, Швейцария жана Америкада кылмыш иш козголуп, миллиарддаган долларга ээлик кылган  деп   айыпталган. 

2017-жылы декабрь айында ал Өзбекстанда 53 млн. долларды кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кесилген.

Новости по дате