http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар": максат акча чогултуу эмес, кырсыктарды азайтуу

"Коопсуз шаар": максат акча чогултуу эмес, кырсыктарды азайтуу

22 Июль , 21:41 5806

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол эрежесин бузгандар үчүн каралган айып пулдардын өлчөмү азайтылышы мүмкүн. Бирок, олуттуу өзгөртүүлөр болбойт. Бул багытта атайын комиссия иш алып барат. Жогорулатылган айып пулдарды эреже бузган айдоочулар жыл башынан бери төлөй баштаган. “Коопсуз шаар” долбоору абалды көзөмөлгө алып, оң көрсөткүчтөр байкалды.

Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган өлкөлөрдүн катарынан чыга албай келген. Соңку жылдардагы көрсөткүчтөр абал өтө оор болгонун айгинелейт. 
2018-жылы жалпы өлкө боюнча 5 миң 995 унаа жол кырсыгы катталган. 2006-жылга салыштырмалуу бул 53 пайызга көп. Ал эми калк жыш жайгашкан, унаа көп баш калаа Бишкекте былтыр 2 миң 300дөн ашуун жол кырсыгы болуп, 12 жыл мурдагыга салыштырмалуу эки жарым эсеге көбөйгөн. “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаган март айынан бери Бишкекте өзгөрүү байкалды. Видеокөзөмөл орнотулган айрым жерлерде жол кырсыктары 60 пайызга чейин азайды.

Жол кырсыктарынын көптүгүнөн улам “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу демилгеси сегиз жылдан бери көтөрүлүп келип, аны быйыл гана ишке ашырууга мүмкүн болду. Тасмага түшүп калуудан чочулаган айдоочулар тартипке келишкени дароо байкалган. Себеби айып пулдардын өлчөмү да мурдагыга салыштырмалуу жогору. Бул айрымдардын чөнтөгүнө күч келтиргендиктен, нааразылар да жок эмес. Өкмөт жагдайды эске алып, айып пулдардын айрым түрлөрүн кайра карап чыгууга камынып турат. Коомчулукта айып пулдарга байланыштуу талаш пикирлер бар. Бирок, кандай болгон күндө да анын өлчөмү жогорулатылганы коопсуздуктан улам колдонулган аргасыз чара катары карагандар көп. Бул саясий маселеге айланбашы керек.

Айып пулдарга байланыштуу атайын жумушчу топ иш алып барат. Долбоор күз айларына чейин даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат. Ал эми жолдогу абалды көзөмөлдөгөн “Коопсуз шаар” долбоорун жалпы өлкөгө жайылтып пайдалануу жагы каралууда.


Новости по дате