http://www.ktrk.kg/Кепилдик фонд 260 ишкерге 1 миллиард 200 миллион сомго кепилдик берди

Кепилдик фонд 260 ишкерге 1 миллиард 200 миллион сомго кепилдик берди

29 Июль , 21:37 570

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул ишкерлер үчүн бизнесин илгерилетүүгө дагы бир мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү дегендик. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында “Кепилдик фонд” аймактардагы ишкерлерди колдоону улантууда жана быйыл да айыл чарба, азыктарды кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларында орто жана чакан бизнеске артыкчылык берилүүдө.

“Бул ишкана күнүнө 1,5 миң түгөй бут кийим чыгарат. Өндүрүлгөн продукция негизинен ички рынокко сатылат жана Казакстанга экспорттолот. Жакынкы келечекте ишкер өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп Россияга экспортко чыгууну максат кылат. Муматкул Кенжебаев он беш жылдан бери базарда Орусиядан ташылган резина бут кийимдерди сатып жүрүп, алты ай мурда өзүнүн бут кийим чыгарган ишканасын ачкан. Азыр мында балдар менен чоңдорго суу өтүктөр, көлөчтөр чыгууда. Ишкерге каражат жагынан Кепилдик фонд жардамга келип, банктан 20 миллион сом насыя алган. Болбосо мынча сумманы банк күрөөсүз бермек эмес. Бул каражатка ишкер зарыл болгон жабдуу менен чийки затты сатып алыптыр. 

Мамлекет тарабынан ишкерлерге бизнесин кеңейтүүгө берилип жаткан мүмкүнчүлүктү колдонгон Маматкул Кенжебаев келечекте ишин илгерилетүүнү ниет кылууда. Бул заманбап жабдуунун жардамы менен ишкер эми суу өткөрбөгөн жылуу өтүктөрдү чыгара баштады. Мындай бут кийимдер Орусияда чоң суроо талапка ээ. Бара-бара өндүрүштүн көлөмүн кеңейтсе ЕАЭБ алкагына да экспортко чыгам деп турат. Эки жылдан бери мамлекет ишкерчиликти кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берип жатат. Жүздөгөн ишкерлер Кепилдик фонддун жардамын алып ишин илгерилете алды. Кепилдик фонд ачылгандан бери миңге жакын ишкерге банктан насыя алууга кепилдик берилген. Бир миң эки жүздөн ашыгыраак жумуш орду түзүлдү. 

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында элеттеги “Кепилдик фонд” аймактардагы ишкерлерди колдоону улантууда. Кепилдик быйыл да айыл чарба, азыктарды кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларын иштеткен орто жана чакан бизнеске артыкчылык берилет. Ошол эле учурда Кепилдик фонд ишкер айымдарды колдоо максатында насыя алууга жардам берүүдө. Быйыл Кепилдик фонддун акционерлеринин катарына Улуттук банк кошулганы фонддун уставдык капиталы эки эсеге көбөйдү. Бул сумма 1 млрд 132 миллион сомду түздү.


Новости по дате