http://www.ktrk.kg/Бишкекте эсеп палатасынын инспектору кармалды

Бишкекте эсеп палатасынын инспектору кармалды

30 Июль , 13:29 1624

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, инспектор Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинде иштегендердин финансылык мыйзам бузууларга барган фактысын жашырып койгон.

27-июлда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал август айынын соңуна чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Новости по дате