http://www.ktrk.kg/Фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча программа бекитилди

Фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча программа бекитилди

30 Июль , 16:26 3319

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөтү 2019-2023-жылдарга Кыргызстандын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программасын бекитти. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Айыл чарбасы өлкө экономикасынын маанилүү сектору экендигин эске алганда, республиканын фитосанитардык бакубатчылыгы чоң роль ойнойт. 

Өлкөдө багбанчылык, жашылча, бакча өстүрүүчүлүк, республиканын түштүгүндө жасалма суугаруу менен пахта, кант кызылчасы, тамеки, күрүч, жогорку түшүмдүүлүктү берүү менен өнүгүүдө. Карантиндик, өзгөчө өтө коркунучтуу жана зыяндуу организмдердин тегиз жайылып жана коркунуч күчөтүшү, айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн, өсүмдүктөрдүн биологиялык өзгөчөлүктөрү жана табигый жашоо жерлери, ошондой эле экосистемалары, республикадагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин кызматы үчүн башкы көйгөй болуп калууда. Буга байланыштуу фитосанитардык коопсуздук системасын өнүктүрүү маселесин ишке ашыруу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет. 

Алкактык программанын негизги бөлүгү төрт негизги артыкчылыктарга багытталган. Биринчиси, өсүмдүктөрдүн карантининин дараметин жетиштүү деңгээлде камсыз кылат, экинчиси – өлкөнүн өсүмдүктөр ресурстарын коргоо үчүн импортко карата тийиштүү фитосанитардык чаралардын колдонулушун камсыздайт, үчүнчүсү – өсүмдүк өндүрүмдөрүн эл аралык соода-сатыкка чыгаруу үчүн экспортту ишенимдүү тастыктоо тутумун түзүүнү камсыз кылат, төртүнчүсү – көзөмөлгө алуу иш-аракеттери аркылуу азык-түлүк жана айлана-чөйрө үчүн коркунуч туудурган тобокелдиктерди кыскартууну камсыздайт.


Новости по дате