http://www.ktrk.kg/Кыргыз - Россия кызматташтыгы

Кыргыз - Россия кызматташтыгы

4 Авг , 21:04 309

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы Россия Федерациясынын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчы Россия президентинин мамлекеттик визитинин, ошондой эле сегизинчи аймактар аралык конференциянын алкагында 6 миллиард доллардан ашуун суммага - 53 документке кол коюлганын эске салды.

"Жакын арада Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келери күтүлүүдө. Кыргыз-Россия кызматташтыгынын динамикасы эң жогорку деңгээлде турат жана биз аны мындан ары карай өркүндөтүү үчүн бардыгын жасайбыз", — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, кыргыз тарап 2020-жылы Россияда "Кыргыз Республикасынын жылы" жана Кыргызстанда "Россия Федерациясынын жылы" деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчылардын макулдашууларынын алкагында уюштуруу комитети түзүлүп, иш-чаралардын деталдуу планы иштелип жатканын билдирди. Ал эми элчи Кыргыз - Россия кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн белгилеп, жетишилген макулдашууларды жана кол коюлган келишимдерди сапаттуу ишке ашырууну колдоого даярдыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жана эки жактуу мамилелердин башка актуалдуу маселелери талкууланды.


Новости по дате