http://www.ktrk.kg/ Бишкектеги жаңы автобустарга жана маршруттук унааларга  камералар орнотулууда

Бишкектеги жаңы автобустарга жана маршруттук унааларга камералар орнотулууда

6 Авг , 14:29 417

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги жаңы автобустарга жана маршруттук таксилердин 80 пайызына камералар жана видеокаттагычтар орнотулду. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты. Маалыматта мындай иштер окуу жылына даярдык катары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

"Быйыл 160 миң окуучу жана 105 миң студент билим алат. Биз окуу жылына даярдыкты баштадык. Шаардык транспорт башкармалыгынан тарта бардык бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде иштөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия бул боюнча УКМК, ЖКККББ, ИИМ өкүлдөрү жана жеке фирмалардын жетекчилери менен чогулуш өткөргөн.

Муниципалитеттен коомдук транспорттогу чөнтөкчүлөрдүн саны азая электигине байланыштуу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо маанилүү экендигин белгилешти.


Новости по дате