http://www.ktrk.kg/Ош: №35 бала бакчасында коррупция күч алганбы?

Ош: №35 бала бакчасында коррупция күч алганбы?

7 Авг , 14:15 193

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарындагы №35 "Асан-Үсөн" мектепке чейинки билим берүү уюмунда ремонт иштерине ашыкча каражат чогултулуп жатканына нааразы болгон автор "Элдик репортерго" билдирүү жиберген. 

Биз бул бала бакчага 1 жылда бир жолу 544 сомдон ремонтуна беребиз. Анан да ата-энелер ай сайын 500 сомдон  салым катары чогултуп берип келчүүбүз, ал эми бүгүнкү күндө 710 сомдон берип жатабыз. Ошондо 210 сом ашыкча берсек жалпысынан 500 баладан чогултса 100 000 сомдон көп акча айына жетекчиге берип жатабыз. Сурасак ремонт иштерине деп коюшат. Жаңы жетекчи келген, эмне ал бул мамлекетке тийешелүү бала бакчаны жеке менчик кылып алганбы?- деп суроо салган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате