http://www.ktrk.kg/ИИМ: Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна түз тиешеси бар

ИИМ: Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна түз тиешеси бар

8 Авг , 9:39 481

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушунда түз тиешеси болгон. Кылмыш иштин материалдарында Атамбаевдин тапшырмасы менен Батукаевге жалган оор диагноз коюлуп, мыйзамсыз бошотуу уюштурулган.

Ошондой эле ИИМ бул боюнча Атамбаевди бир нече жолу суракка чакырганын кошумчалады. Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. 27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Новости по дате