http://www.ktrk.kg/Ири көлөмдөгү баңгизат кармалды

Ири көлөмдөгү баңгизат кармалды

13 Авг , 9:52 191

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Милиция кызматкерлери ири суммада баңгизат ташып бара жаткан унааны кармашты. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында "Вольво" үлгүсүндөгү унаада ири көлөмдөгү баңгизат жүктөлүп, Орусияга андан ары Европага жеткириле турган героин табылды. 

Маңзат салынган унаа тууралуу Кара-Көл шаардык милициясына маалымат берилгенден кийин алар унааны Бишкек - Ош жолунан кармашкан. Учурда иш боюнча тергөө амалдары башталды. Унаадан 44 килограмм 300 грамм маңзаттары чыкты. Жүктүн ээси Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.


Новости по дате