http://www.ktrk.kg/Кой-Таштагы окуялардын кесепети

Кой-Таштагы окуялардын кесепети

13 Авг , 21:59 292

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттуку коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбеков 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуя тууралуу кеңири маалымат берип, журналисттердин баардык суроолоруна ачык жооп беришти. Башкы прокурор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата бир нече оор беренелер менен, "Массалык башаламандык уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Барымтага алуу", ага катар адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана бейбаштык фактылары боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, кылмыш ишин тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган мекемелер аралык тергөө тобу иликтеп жатат.

Өлкөнүн күч түзүмдөрү мурдагы президентти суракка алып баруу аракетин 7-августта баштады. Ага Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы аскерлери тартылган. Алмазбек Атамбаевди кармоого ал суракка күбө катары келүүдөн баш тартканы себеп болгон. Мурдагы президентке кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча күбө катары сурак берүүгө ички иштер министрлигинен 3 жолу чакыруу берилген болчу.

Тиешелүү органдардын Атамбаевди суракка алып баруу чарасына мурдагы президент тарапташтары менен кошо куралдуу каршылык көрсөтүп, ага катар таш жана күйүүчү май куюлган идиштердеги жардыруучу заттарды колдонуп, укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук жаратышкан. Жыйынтыгында УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болду, 130дан ашык адам жаракат алып, 2 милиция кызматкери оор абалда бейтапканада. Анын бири Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов. 6 аскер барымтага алынып, 8-августта кайра кое берилген. Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына өтө оор кылмыштар боюнча 8 берене менен иш козгоду.

    

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта уюштурган иш аракеттеринин түпкү максаты - мамлекеттик төңкөрүш жасоо болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди. Анын айтымында, мурдагы президенттин үйүнө адамдар атайын жалдап алып келинип, аларга миң сомдон 3 миң сомго чейин таратылып турган.
УКМКнын төрагасы Атамбаевди кармоого эмне үчүн атайын даярдыктагы "Альфа” тобунун аскерлери жөнөтүлгөнүн түшүндүрүп берди. Атамбаевди кармоо учурунда бир дагы жай тургун жабыркаган эмес. УКМКнын төрагасы белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков курал колдонбоо тапшырмасын берген. Айтымында, өлкө башчысына иш-чаралар тууралуу маалымат берилген. Бирок, ал качан өткөрүлөрүн Опумбаев өзү чечкен. Биринчи күнү Атамбаевди күч менен суракка алып баруу иш-чарасы өткөрүлсө, эртеси, 8-августта атайын операция жасоо чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Кой-Таштагы окуялар Атамбаев кармалгандан кийин эле тынчып калган жок. 8-августтун кечинде борбор калаанын Ала-Тоо аянтына миңден ашык жаалданган адамдар чогулуп, алардын максаты массалык башаламандык уюштуруу менен бийликти басып алуу жана шаарды тоноо болгонун министр белгиледи. Кашкар Жунушалиев “кечки жортуулдун” артында Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары турганын билдирди. Бул күндөрү күч органдарынын аракети ташка тамга баскандай так болушу керек эле. Адистер милиция жана УКМК өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарды деп эсептешет. Борбордук аянтта башталган башаламандык да убагында көзөмөлгө алынды.

Бүгүнкү күндө Кой-Таштагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мамлекет башчысы тарабынан бул иш аракеттер эч кандай кылмыштуу куугунтуктар менен коштолбой, тергөө жана сот иштери таза, ачык айкын жүргүзүлүшү керек деген талап коюлган.






Новости по дате