http://www.ktrk.kg/Кызыл китепке кирген жаныбарлар корголбогон аймактарды да байырлай баштады

Кызыл китепке кирген жаныбарлар корголбогон аймактарды да байырлай баштады

16 Авг , 9:20 714

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Түп райондоруна деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктикке чейин коюлган фотокапкандар Кызыл китепке кирген жаныбарлар коруктун сыртында жүргөнүн тартып алды.

Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди. 

Анын айтымында, уюмдун кызматкерлери Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү менен биргеликте 30дан ашык фотокапканга тартылган сүрөттөрдү чогултушкан.

Маалыматка ылайык, Кызыл китепке кирген жаныбарлар аларды коргобогон аймактарды да байырлай баштады. Фотокапканга ак илбирс, мадыл, аюу жана маралдар түшкөн. Андан сырткары, сүлөөсүн, тоо теке, каман, элик, улар, кашкулак да сүрөткө тартылган.




Новости по дате