http://www.ktrk.kg/Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду

16 Авг , 10:41 367

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Эстонияда өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында экинчи орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды. Бул туурасында Бириккен күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат. Турнир 12-августта Эстониянын Таллин шаарында башталган, 20-августта жыйынтыкталат. 

Мээрим Жуманазарова килем үстүндө 68 килограмм салмакта беттешип, жалпысынан төрт кармаш өткөрдү. Алгач украиналык Кристина Малявканы 11:0 эсебинде, жарым чейрек финалда россиялык Ханум Велиеваны 1:1 эсебинде жеңген, ал эми чейрек финалда канадалык Берит Жонсонду 10:0 упай менен жер караткан. Жарым финалда АКШлык Жейден Лэйт Лаурентти 11:1 эсебинде жеңе алды. Финалда япониялык Наруха Мацуюкиге 2:4 эсеби менен жеңилип, экинчи орунду камсыздады.

Мээрим Жуманазарова 20 жашта. Жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону жана чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын күмүш, коло байгелеринин ээси. Жумазанарова жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыккан экинчи кыргызстандык балбан кыз. Буга чейин Айпери Медет кызы финалда күрөшүп, чемпион болгон.


Новости по дате