http://www.ktrk.kg/Ок атуудан жаракат алган чек арачылардын абалы жакшы

Ок атуудан жаракат алган чек арачылардын абалы жакшы

16 Авг , 16:23 355

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

15-августта Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 22-23-июль күндөрү чек ара тилкесинде болгон чыр-чатактын натыйжасында ок атуудан жаракат алган чек арачылар менен жолугушту. 

Төрт аскер кызматкери Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Беш-Күнгөй айылындагы аскердик госпиталда дарыланып жатат. Азыркы убакта чек арачылардын ден соолугу канааттандыраарлык. Төрага ар бир аскер кызматчысы менен маектешип, милдеттерин кынтыксыз аткаргандыгы үчүн аларга ыраазычылык билдирип, кайра катарга кошулуп, кызматтарын улантарына үмүт артарын билдирди.


Новости по дате