http://www.ktrk.kg/Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандыраарлык

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандыраарлык

19 Авг , 13:10 316

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал "күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат". 

УКМКнын Тергөө абагында отурган Исаков ооруканага которулганы 16-августта белгилүү болгон. Атайын кызмат ага “кыр арка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлганын билдирген. 

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.


Новости по дате