http://www.ktrk.kg/Тоң: айылдын тургундары тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлдү

Тоң: айылдын тургундары тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлдү

19 Авг , 16:53 1404

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата Тоң райондук акимчилик тарабынан тазалык жана көрктөндүрүү боюнча “3 айлык” жарыяланган. Ушул иш-чаранын алкагында Эшперов айылынын Муса Белеков көчөсүнүн 3-кварталынын жашоочулары тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Алып айтсак:

1. Көчөгө кум төгүлүп, тегизделди. Техниканын күйүүчү майы үчүн кварталдын тургундары тарабынан 5000 сом сарпталды

2. 3000 сомго 10 даана азбест турбалар сатылып келинип, көпүрөлөр коюлду. Мындан тышкары 1550 сомго цемент сатып алышып, 14 үйдүн эшик алдына көпүрө салынды. Көпүрөлөр үчүн 3200 сом чыгымдалды

3. Көчөнүн эки тарабына узундугу 510 метр арык цементтелди. Бул үчүн 10 тонна цемент сатып алынып, буга 36 000 сом сарпталды.

4. Огороддорду сугаруу үчүн бул арыктарга 38 металл шлюздар жасалды. Бул үчүн 7160 сом керектелди.

5. Көчө жарыктандырылып, 19 электр чырагы орнотулду. Бүл үчүн 22800 сом керектелди.

6. Көчөдөгү дарбазалар жана тосмолор бир түрдө окшош сырдалып, 20 600 сом керектелди.

7. Кварталдагы үйлөргө көчөнүн аты жана үй номери жазылган табличкалар кадалып, буга 3400 сом сарпталды.

8. Кум жана шагыл ташылып келинип, бул үчүн авто транспортко 10 000 сом төлөнүп берилди.

9. Көчөнүн эки тарабына гүлдөрдүн уруктары себилип, учурда өстүрүлүп жатат.

Жалпы жонунан тазалык жана көрктөндүрүү иштери үчүн квартал жашоочулары тарабынан 161 410 сом сарпталды.

“3 айлыктын” жыйынтыгы боюнча Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Муса Белеков көчөсү “Мыкты көчө” деп табылып, 40 000 сомдук сертификат тапшырылды,- деген Муса Белеков көчөсүнүн тургуну "Элдик репортерго" видео, сүрөт тартып жөнөткөн. 



Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 

Новости по дате