http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдө мектеп жетишсиздиги чечилүүдө

Ысык-Көлдө мектеп жетишсиздиги чечилүүдө

19 Авг , 17:53 260

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда республикалык бюджеттин эсебинен төрт мектептин курулушу жүрүп жатат. Анын бири Кара-Коо айылында 49 миллион сомго бааланган, 350 орунга ылайыкталган билим берүү мекемеси. 

Окуу имараты спорт залы менен салынууда. Мындан сырткары Кажы-Саз айылында да мектеп имаратынын курулушу жүрүүдө. Буга бюджеттен 21 миллион сом каралып, бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат. Эки мектептин имараты 2020-жылы ишке берилет.

Ал эми быйыл Тогуз-Булак жана Ак-Терек айылдарында  жаңы мектеп имараттарынын курулуш иштери башталып, быйылкы жылга тиешелүү каражаттары бөлүнүп берилген.


Новости по дате